Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Монголиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.
Айпери Медет кызы 76 кг салмакта япониялык Юка Кагамини 7:3 эсебинде утту. Кийинки индиялык Судеш Кумаринин бутун күрөш башталары менен кайчылаштырып, оодаруу менен жеңишти эрте эле илип кетти.
Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар жалпы алты медаль багындырышты:
Алтын медаль:
Жоламан Шаршенбеков – 60 кг;
Тынар Шаршенбеков – 63 кг;
Акжол Махмудов – 77 кг.
Коло медаль:
Адилхан Нурланбеков – 72 кг;
Үзүр Жузупбеков – 97 кг;
Роман Ким – 130 кг.
Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өтүүдө.
Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.