Спорт ордосунда 9-май күнү кыргыз күрөшү боюнча республикалык турнир өтөт

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 8-9-май күндөрү кыргыз күрөшү боюнча республикалык турнир өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.

Мелдешти Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция жана Классикалык кыргыз күрөш федерациясы уюштурууда. Ал Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арналган.

8-майда саат 15:00дөн 19:00гө чейин тандоо турлары, 9-майда саат 10:00дө күрөш башталат.

Самат Садыков 1943-жылы 23 жашында Улуу Ата Мекендик согушка кетип, пулемётчу позициясында душмандын мизин кайтарган бир канча эрдиктерди жасаган. 1945-жылы 1-май күнү Берлин операциясындагы салгылашта курман болгон.

Көзү өткөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы, Ленин ордени, Алтын жылдыз медалы, Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени ыйгарылган.

Садыковдун кичи мекени Лейлек районундагы Кара-Сай айылынын аталышы Самат деп өзгөртүлүп, ошондой эле мектепке да ысымы берилген.