Элзада Момунжанова Алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль жеңди

Ош шаарында өткөн Алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионатына катышкан Элзада Момунжанова күрөштүн эркин стили боюнча 55 кг салмакта чемпиондукту жеңип алды. Бул тууралуу Аш мамлекеттик университетинин басма сөз кызматы билдирет.

Ал финалдык беттеште Ирандык балбан менен беттешип, 5:3 эсебинде утуп алды.

Азия чемпионатына дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн, анын ичинде Индия, Иран, Казакстан, Монголия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Япония жана Кыргызстандан 300гө жакын спортчу катышты. Бул иш-чара 2022-жылдын сентябрында Түркияда өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандоонун экинчи этабы болуп саналат.

Элзада Момунжанова ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин 4-курсунун студенти. Алыш күрөшү боюнча Азиянын 2 жолку, Кыргызстандын 4 жолку чемпиону. “2021-жылдын мыкты спортчусу” сыйлыгынын ээси. Казан шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында 3-орунду ээлеген. Өзбекстанда өткөн Азия чемпионатында 1-орунду, Кореяда өткөн Дүйнө чемпионатында 3-орун, грэпплинг боюнча Кыргызстандын чемпиону. Ушу-Саньда боюнча Кыргызстандын чемпиону. Борбор Азиянын чемпиону жана кесипкөй кыз-келиндер арасында өткөн мелдештердин жеңүүчүсү жана Алтын курдун ээси. Пенчак Силат каратэнин түрү боюнча Кыргызстандын чемпиону, Борбор Азиянын чемпиону. Малайзияда өткөн Дүйнө кубогунда 2-орунду алган. Кол күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиону.

Азия чемпиону Элзада Момунжанованы ОшМУнун жалпы жамааты жеңиши менен куттуктайт, окууларына, спортто ири жетишкендиктерди багынта беришине тилектеш!