Окуялар

Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, 63 жаштагы жаран жаракат алды

Бишкек шаарындагы Курулушчулар шаарчасы аймагында турак үй күйүп, бир адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-июнда саат 18:00 чамасында Курулушчулар шаарчасы кичи районунда турак үйдөн өрт чыккан.

Натыйжада үйдүн 50 чарчы метр жери жана 2 даана терезе күйгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен 1959-жылы туулган Т.Б. Мичкаев аттуу жаран 1-даражадагы күйүк алган.

Өрттүн себеби такталууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button