Баткенде 35 жаштагы аялын бычактап өлтүргөн күйөөсү асынган абалда табылды

Баткенде 35 жаштагы аял мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Жолдошу асынган абалда табылды. Бул тууралуу  Баткен ОИИБден билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча 19-июнь түнү саат 04:00 чамасында Кадамжай шаарында жайгашкан үйдө 1987-жылы туулган аял жолдошу менен өз ара пикир келишпей урушуп кетишкен. 1987-жылы туулган жолдошу жубайынын денесине ашкана бычагы менен бир нече жолу сайып, аялдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү жолдошу Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагынын айылдарынын бириндеги бүтө элек үйүнө барып, үйдүн экинчи кабатында өзүн-өзү асып каза болгон жеринен табылды.

Бул фактылар Кадамжай РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 7-пункту (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.