Юрий Шатуновго “тез жардам” кызматын чакырса келген эмес

Белгилүү ырчы Юрий Шатунов үчүн чакырылган “Тез жардам” кызматы өз ишин так аткарган эмес. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жеке булактарына таянуу менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ырчынын достору “Тез жардам” кызматына 22-июнь күнү 23:27де телефон чалып, бейтап өтө оор абалда экендигин билдиришкен. Бирок телефонго жооп берген диспетчер айым (булактар этикалык эрежелерге ылайык анын ысымын аташкан эмес) “Тез жардам” унаасы жок экендигин жана дароо бара албай тургандыктарын айткан.

Окуяга күбөлөр билдиргендей, диспетчер айым кырдаалдын канчалык олуттуу экендигин тактай турган суроолорду да сураган эмес. Мындан улам ырчынын достору Шатуновду ооруканага өздөрү алып келүүгө мажбур болушкан.

Булактардын айтымында, дарыгерлердин мындай кадамынын кесепетинен 40 мүнөткө жакын убакыт бошко кеткен. “Эгер Тез жардам чакыруудан кийинки бардык аракеттер регламентке ылайык жасалганда, ырчыны 60 пайыздык ыктымалдык менен өмүрүн сактап калууга болот эле”, – деп билдиришкен алар.

Ал ортодо оорукананын башкы дарыгери Андрей Осипов телеканалдардын бирине берген маегинде дарыгерлер ырчынын өмүрүн сактап калыш үчүн болгон аракетин жасашканын билдирген.

“22-июнь күнү 23:30да бизге Юрий Шатуновду достору өтө оор абалда алып келишти. Ал клиникалык өлүм абалында болчу. Дарыгерлер бир жарым сааттан ашык реанимациялык иш-аракеттерди жасашты. Тилекке каршы, бейтаптын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок”, – деп белгилеген ал.