Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Меккеге кичи ажылыкка барды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Меккеге кичи ажылыкка барып, Каабанын ичине кирди. Бул тууралуу Казакстан президентинин маалымат кызматы кабарлады.

“Өлкө башчы Каабанын ичине кирди. Адатта анын эшиги өтө сыйлуу конокторго гана айрым учурда ачылат. Бул Сауд Арабиянын жетекчилигинин терең сый-урматынан кабар берет”, — деп жазган президенттин маалымат кызматы.

Белгиленгендей, Токаев Сауд Арабияга ханзаада Салман Бен Абдельазиз Аль Сауддун чакыруусу менен барган. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташуу боюнча 13 документке кол коюшкан. Маалым болгондой, Токаев Сауд Арабия ханзаадасын эки өлкө ортосундагы достукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн “Алтын Кыран” ордени менен сыйлаган.

Эске салсак, ишемби күнү, 23-июлда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев падыша Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен Сауд Арабияга расмий сапар менен келген.