Окуялар

УКМК: Кадамжай районунун Алга айыл өкмөтүнүн айрым кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Кадамжай районунун Алга айыл өкмөтүнүн айрым кызмат адамдарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүндө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында КР УКМК тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Алга айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Ж.Р. Алга айыл аймагынын Даш участкасынан Т.Э.Н. аттуу жаранга жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз токтом чыгаргандыгы кылмыш ишинин козголушуна негиздер болгон. Ошол эле учурда аталган жер тилкеси 2010-жылы М.Н.Т. аттуу жаранга турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилгендиги аныкталган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, — деп айтылат УКМКнын Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button