Саясат

Ислам Өнүктүрүү Банкы билим берүү тармагын өнүктүрүүгө 100 млн доллар берет

3-августта Чолпон-Ата шаарында Араб координациялык тобунун IV кеңешмесинде билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ислам өнүктүрүү банкынан каржылык колдоо алуу жөнүндө макулдашты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Араб координациялык тобунун мүчөлөрү 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашырууга катышуу, атап айтканда, билим берүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Алмазбек Бейшеналиев жетишилген макулдашууларга ылайык, Кыргызстан 15 млн доллар өлчөмүндө грант жана 85 млн доллар төмөнкү пайыздагы насыя катары алууга укуктуу экенин билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button