Баткенде катардагы жоокер ок чыгарып, 8 жаштагы бала жаракат алды

Баткенде 8 жаштагы бала октон жаракат алды. Ал Баткен облусттук аймактык ооруканасына 7-августта түшкөн. Бул боюнча медициналык уюмдун травматолог дарыгери Икрамидин Зулпукаров билдирди.

Анын айтымында, болжолдуу түрдө Калашников үлгүсүндөгү автоматтын огу жабырлануучунун ичинин өйдө тарабынан кирип, белинен чыгып кеткен.

“Өспүрүм бейтапкананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, эс учун жоготкон жок. Травматолог жана хирургдардан түзүлгөн консилиумдун чечимине ылайык, өспүрүмгө алгачкы операция жасалган. Алдыда хирургдар диагностикалык операция жасоого камынышууда”, — деди Зулпукаров.

Бул окуя боюнча УКМКнын Чек ара кызматынан маалымат беришти.

Маалыматка караганда, окуя 7-августта Баткен районундагы Миң-Өрүк айылына алыс эмес жерде катталган. Чек ара отряды Миң-Өрүк айылынын четинде кызмат өтөп жүргөн. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Уставынын талаптарын бузуу менен катардагы жоокер ок чыгарып, анын кесепетинен 2014-жылы туулган өспүрүм жаракат алган.

Жаракат алган өспүрүм Баткен шаарындагы ооруканага жеткирилген. Окуя боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасына жана укук коргоо органдарына маалымат берилген. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.