Дүйнө

Россияда белгилүү интернет-порно актрисасын өлтүрүп кетишти

Санкт — Петербургда Tik-Tok блоггери жана порноактриса Анастасия Гришмандын (Хамловская) жансыз денеси табылганын, анын денесинен алты бычактан алган жаракаттары бар экенин Telegram каналдары кабарлашты.

Анын порно тасмалардагы өнөктөшү жана жигити 24 жаштагы Дмитрий киши өлтүрүүгө шектелүүдө, деп маалымдайт Mash Moika Telegram каналында .

Жоголгон кыз тууралуу моделдин досу билдирген. 26 жаштагы Хамловскаянын жансыз денеси Түштүк магистралдагы батирден табылып, андан алты бычактан алынган жаракаттын издери табылган.

Учурда шектүү изделүүдө, ал мурда бир нече жолу соттолгон.

Буга чейин модель Гретта Уэдлердин мурунку сүйүктүүсү каржылык пикир келишпестиктен улам сүйлөшкөн кызын муунтуп өлтүргөнүн мойнуна алган . Киши өлтүргөндөн кийин анын сөөгүн мейманканада үч күн керебеттин астында кармап, анан сөөктү чемоданга салып, гаражга алып барган. Моделдин сөөгү жоголгондон бир жылдан кийин Липецк шаарындагы гараждардын биринде чемодандын ичинен табылган .

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button