Саясат

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү 40%га өстү

Алты ай ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү 40 пайызга өстү, бул дээрлик 1,5 миллиард долларды түзөрүн министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Ал эми Кыргызстандан Россияга болгон экспорт эки эсеге жогорулаган. Жапаров россиялык туристтердин саны көбөйгөндүгүн да белгиледи.

«Биринчи жолу Россиянын шаарларынан Ысык-Көл облусуна жумасына 14 түз аба каттамы аткарылууда. Боордош эл биздин республиканы эс алуу үчүн тандап жатканы абдан сүйүндүрөт. Тараптар Кыргызстанда тогуз билим берүү мекемесинин курулуш келишимин ишке ашыра баштаганына кубанычтамын», — деген министрлер кабинетинин төрагасы.

Ал ошондой эле Россиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктук маселеси тууралуу кеп козгогон.

Мишустин бардык багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирген.

«Жалпыбыздын максатыбыз — соода-экономикалык чөйрөдө узак мөөнөттүү стратегиялык милдеттерди чечүү үчүн шарттарды түзүү, жагымдуу инвестициялык жана ишкердик климатты камсыз кылуу. Муну менен өкмөттөр аралык комиссия алектенет. 2022-2026-жылдарга карата экономикалык кызматташтык боюнча жаңы келишимге кол коюуну тездетүү зарыл», — деген Россиянын өкмөт башчысы.

Мишустин автомобиль өнөр жайы, айыл чарба, транспорт инфраструктурасында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button