Окуялар

Екатеринбургда өз энеси 300 миң рублга сатууга аракет кылган бала балдар үйүнө жөнөтүлдү

Екатеринбургда өз энеси 300 миң рублга сатууга аракет кылган бала балдар үйүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу анын өгөй атасына шилтеме берүү менен россиялык ЖМКлар жазып чыкты.

Өгөй атасы бала менен азырынча көрүшө электигин жана ал үчүн уруксат алуу керектигин айткан. “Алар баланын абалы жакшы экенин айтышты. Психикалык жактан баары жайында”, — деди ал.

Ошондой эле ал кайын энеси ал жарандык никедеги аялын көзөмөлдөбөгөнүн жана кызынын баласын сатуусуна жол бергенин айтып таарынып жатканын билдирген. Бирок Жоомарттын аялынын мындай кадамга барарын күтпөгөнүн жана азыркыга чейин шок абалда жүргөнүн, өзү айдоочу болуп иштеп, 6 баланы багууга жөндөмдүү экенин айткан.

Эскерте кетсек, 12-августта Екатеринбургда өзүнүн баласын 300 миң рублга сатууга аракет кылган 36 жаштагы кыргызстандык аял кармалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button