Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго көңүл айтты

Коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкө башчы Садыр Жапаровго жана кыргыз элине Баткен облусунда каза болгондорго байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Маалыматта айтылгандай, Токаев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон аскер кызматкерлеринин жана жай тургундардын өлүмүнө алып келген окуяга байланыштуу өзүнүн жана жалпы казак элинин атынан көңүл айткан. Ошондой эле телеграммада коңшу өлкөлөр кандай гана маселе болбосун тынчтык жана саясий дипломатиялык жол менен чечүүсү маанилүү экендигин баса белгилеген.