Дүйнө

Индияда колуктусунун жылаңач сүрөттөрүн чыгарган эркекти сабап өлтүрүштү

Индияда болочоктогу колуктусунун жылаңач сүрөттөрүн интернетке жарыялап жиберген эркекти сабап өлтүрүштү. Бул туурасында Hindustan Times басылмасы жазган.

Окуя Бангалор шаарында болгон. Эркек болочоктогу жубайы менен эки жыл сүйлөшкөн. Кыз тойдун алдында сүйгөнү анын интимдик сүрөттөрүн социалдык тармакка жарыялай баштаганын байкап калган. Викаш Раджан аттуу 27 жаштагы жигитин кепке тартканда кыз өзүнүн сүрөттөрүнүн болочоктогу күйөөсүнүн досторуна да жөнөтүлгөнүн билген.

Жаалданган колукту өч алууну пландап, курбу кызынын үйүнө жигитин чакырган. Чогулгандардын арасында дагы эки эркек киши болгон. Бир маалда төртөө биргелешип, мейман жигитке кол салып, уруп-согуп, пол жууган жыгач жана бөтөлкө менен сабашкан.

Раджандын эсин жоготконун көргөн колукту дароо ооруканага жеткирген. Дарыгерлер өмүрүн сактап калуу үчүн болгон аракетин жасаганы менен төрт күндөн соң баары бир каза болуп калган. Алардын ичинен үчөө камакка алынып, суракта селки жигитинин өлүп калышын каалабаганын айткан. Басылма учурда тергөө уланып жатканын жазды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button