Бул аппараттардын болжолдуу баасы 2 116 500 сомду түзгөн.
Iphone 14 PRO үлгүсүндөгү 15 телефонду Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган адам аныкталды.
Окуя 17-сентябрь күнү саат 04:50 чамасында болгон. Анда “Манас” бажысынын кызматкерлери текшерүү жүргүзүп жатып Дубай — Бишкек каттамы боюнча келген жүргүнчүлөрдүн биринин шектүү жүгүн аныкташкан. Маалым болгондой, бул жүк Россиянын М.Г.О. жаранына тиешелүү болгон. Анын ичинен Iphone 14 PRO үлгүсүндөгү 15 телефон табылган.