Маданият

Мелис Эшимкановду эскерүү кечеси өтөт

9-декабрь күнү эгемен кыргыз журналистикасына чыйыр салгандардын бири Мелис Эшимкановдун 60 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Мелис Эшимканов атындагы фонд кабарлады.

Иш-чара Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында саат 10:45те башталат. Ага журналисттин замандаш, кесиптеш, достору катышат.

Ошол эле күнү фонд тарабынан ЖОЖдордун журналистика факультетинин студенттеринин арасында жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгат. Студенттер «Кыргыз журналистикасынын эртеңи» темасында эссе жазышы керек болчу. Байге фонду 50 000 сом деп белгиленген.

Эшимканов көзү тирүү болгондо 9-декабрда 60 жашка толмок. Ал жетектеген айтылуу «Асаба», «Агым» гезиттери коомдун талуу көйгөйлөрүн таамай чагылдырып, туура бүтүм чыгарууга түрткөн аналитикалык материалдары менен белгилүү болчу. Андан соң журналист Жогорку Кеңеште депутат, УТРКда директор болгон. 2011-жылы оорудан көз жумган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button