Чыңгыз Айдарбеков: «Жакынкы убакытта Кыргызстанга кайтып барам»

Депутат Чыңгыз Айдарбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бир нече күн байланышта болбогонунун себебин түшүндүрдү.

«Буга чейин менин кесиптештерим маалымдагандай, ден соолугума байланыштуу пландаштырылган текшерүүнү өтүү үчүн чет жакка чыгууга муктаж элем. Ал ортодо, Казакстанда куран окутуу зыйнаты да бар эле, андан соң медициналык текшерүү үчүн сапар уладым. Сиздер менен байланышка чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болор замат ушул кайрылууну жазуудамын. Бардык кабатыр болгон жана ар дайым колдоо көрсөткөн санаалаштарыма терең ыраазычылык билдирем! Жакынкы убакытта Кыргызстанга кайтып барам»,- деп жазды ал.