Ысык-Көлдө жапайы каманды атып алган жаран аныкталды — ФОТО
Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен аймакта 23-ноябрдан баштап, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоого багытталган «Жаратыдыш» аталышындагы операциясы өтүүдө. Аталган операциянын алкагында милиция кызматкерлери жаратылышты коргоо ведомстволорунун өкүлдөрү менен бирдикте мыйзамсыз бак-дарактарды кыюуну, аңчылыкты жана жаратылышты коргоо чөйрөсүндөгү башка укук бузууларды аныктоо боюнча атайын рейддик иш-чараларды уюштурууда. Операция жыл аягына чейин өтмөкчү.
Операциянын жүрүшүндө Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлерине, Ак-Суу районунун тургундарынын бири, мыйзамсыз жапайы каманды атып алып, анын этин үйдө сактап жүргөндүгү жөнүндө маалымат келип түшөт.
Аталган маалымат Ак-Суу РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки өндүрүш ишинин алкагында, маалыматта көрсөтүлгөн жарандын өздүгүн аныктоо боюнча тергөө тапшырмалары берилет.
Жакында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери жана «Илбирс» коомдук фондунун өкүлдөрү мыйзамсыз аӊчылык кылган жаранды аныктоого жетишишти. Ал, Ак-Суу районунун Ак-Булак айылынын 45 жаштагы тургуну К.Д. болуп чыкты, анын үйүнөн жапайы камандын эти жана сайлуу ок атуучу курал табылып алынды.
Мыйзамсыз аӊчылык кылган шектүүнүн айтымында, 21-ноябрда жапайы каманды тоодон атып алган жана анын этин үйүнө алып келген.
Чогулган материалдар Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилди.