Рысбай Исаков манасчылар мектебин ачуу ниетин билдирди

«Манас» эпосун 124 саат бою тынбай айткан үчүн Гиннесстин рекорддор китебине кирген манасчы Рысбай Исаков манасчылар мектебин ачууну пландап жатат. Бул тууралуу манасчы президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда билдирди.

Исаков Садыр Жапаров менен жакынкы келечектеги пландары, тактап айтканда, “Манас” театрынын алдында манасчылар мектебин ачуу ниети менен бөлүшүп, ал жерден эл ичинен белгилүү манасчылар чыга тургандыгын айткан.

Садыр Жапаров мамлекет чыгармачыл интеллигенциянын актуалдуу маселелерин тез арада чечүүгө аракеттерди көрүп жатканын, тактап айтканда, келерки жылы жаңыланган «Манас айылы» этнографиялык комплексинде жаңыланган миң орундуу «Манас» театры ишке кирерин эске салды, муну менен бардык манасчылардын башын бириктирип, бул өнөрдү жайылтууга болот.

Белгилей кетсек, Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас” жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаков манас айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк Гиннесстер китебине 124 саат тынбай манас айтуу менен катталды.

Дүйнөлүк Гиннесстер китебине катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Бүткүл дүйнөлүк Гиннесттер китебинин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, ага Гиннесстин күбөлүгү тапшырылды. Анда аталган багытта катталууда Гиннесс тарабынан бекитилген талаптарды сакталгандыгы айтылды.

“Манас” жумалыгы Кыргыз Улуттук “Манас” театры жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жана “Бурса шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” долбоорлорунун алкагында өткөрүлгөн алгачкы иш-чара болуп калды.

Иш-чаранын алкагында ТҮРКСОЙ уюмунун бир катар сыйлыктары жана белектери менен түрк дүйнөсүнүн маданиятын өркүндөтүүгө кошкон бар катар инсандары сыйланды.