Спорт

Келечекте спорт дүйнөсүн багындырууну көздөгөн Нурлан Адилбеков

Кыргыз элинде “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат”- дегендей спорт менен кызматты бирге алып кеткен мекенибиздин чыныгы уулдары ИИМдин Атайын багыттагы полкунда кызмат өтөп келишет. Биздин азаматтарыбыз бир гана эли-журтунун бейпил жашоосун камсыз кылууда өздөрүнүн тайманбастыгын көрсөтүүдөн сырткары, полктун спорттук жашоосунда да активтүү катышып, спорттун бир нече түрлөрү боюнча эл аралык жана өлкө ичиндеги мелдештерде катышып байгелүү орундарды камсыздашууда. Андай жигиттерибиздин бири, эрежесиз эр күрөш боюнча бир нече мелдештердин жеңүүчүсү Ош облусуна караштуу Алай районунун кулуну Нурлан Адилбеков. Ал ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун 1-ротасынын милиционери, милициянын старшинасы.

Спорт менен машыгам деп ойлобогон Нурландын спортко келүүсү капысынан болгон экен. Ар бир адам кечине кезинде келечекте бир кесиптин ээси болууну самайт эмеспи. Биздин каарманыбыз бала кезинде чоңойгондо ким болосун деген суроого, мен айдоочу болом дечү. Бирок бала кездеги кыялдар бат эле өзгөрөт турбайбы. Бир күнү сабактан келген Нурлан капысынан сыналгыдан Россиялык мушкер Александр Емельяненконун мушташын көрүп кызыгып калат. Андай кийин ал анын мушташтарын тез-тез көрүп, аны кумир тутуп, спортчубуздун спортко болгон кызыгуусу ойгонот. Ал тургай, ѳзүнчѳ машыга баштайт. Ага машыгуусу күч-кубат берип, келечекте спорт дүйнөсүн багындырууну самайт. Күн ѳтүп спортко болгон кызыгуусу күчөп, спорт менен дүйнө жүзүн багындырууну кыялданат. Мектепте окуп жүрүп күжүрмөн самбо менен машыгат. Орто мектепти аяктап, кыялын орундатуу максатында борборубуз Бишкек шаарына келип, “Лига” спорт клубунда “эр күрөш”, “кол менен уруш” жана “джиу-джитсу” (Бразиля) күрөштөрү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт машыктыруучусу Арипбай уулу Тугөлбайдын кол алдында машыга баштайт. Эки жылдай машыккан Нурлан машыктыруучусунун сунушу менен 2013-жылы 70 кг чейинки салмакта биринчи жолу эрежесиз эр күрөштө күчүн сынап, биринчи ийгилигин жаратат. Кубанычы койнуна батпаган Нурлан көзүнө жаш алып, эң алгачкы сүйүнүчүн апасы менен бѳлүшѳт. Ошол күндөн тарта 20 ашуун мелдештерге катышып, байгелүү орундарды багындырып келүүдө. Нурландай жүрөгүндө жалыны бар, чыныгы мырзылар келечек муундарга үлгү. Качандыр-бир мезгилде Нурландын бала кезиндеги кыялы орундалып, дүйнөлүк аренага чыгып кыргыз желегин бийик көтөрөт деген үмүттөбүз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button