Кыргызстандык жаш хоккейчилер АКШда өткөн эл аралык мелдеште 1-орунду ээледи

Кыргызстандын хоккей боюнча өспүрүмдөр курама командасы Pittsburgh Ice Arena Cup эл аралык турниринде 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Спорттук иш-чара 8-14-декабрь күндөрү АКШда өткөн.

Белгилей кетсек, АКШдагы Хоккей академиясына Умар Нажимидинов (Кыргызстан), Нурсултан Темурбеков (Кыргызстан), Рамазан Абкеримов (Казакстан) жана Ратмир Абкеримов (Казакстан) кабыл алынып, окуп жатышат.

Мындан сырткары, курама команда НХЛ клубунун мыкты чабуулчусу Евгений Малкин менен жолукту.