Пайдалуу кеңештер

Кандай эркектен качуу керек? Психологдун кеңеши

Сизди ашыкча мактагандар

Таанышары менен айга-күнгө теңеп мактаган кишиден жакшылык күтүп болбойт. Анткени анын айтканынын кеминде жарымы калп. Жок, бул сиздин мактоого татыксыздыгыңыздан эмес, ал адамдын ой жүгүртүүсүндөгү кемчиликтен улам. Акыл-эси жайында адам жаңы таанышкан кишиден ушунча жакшы сапаттарды дароо көрө калышы мүмкүн эмес.

Өзүн башкалардан артык сезгени

Бул агрессиянын, пафостун белгиси. Мындайын байкап калсаңыз аны менен экинчи жолуга көрбөңүз.

Максаттардын төп келиши

Келечекте жакшы жашап кетүү үчүн адамдардын көздөгөнү бир болушу керек. Анын алдыга пландары, негизи эле жашоого көз карашы сиздикинен кескин айырмаланса, бир жол менен кетүү оңой болбойт.

Кыймыл-аракет

Адамдын кыймыл-аракети көп нерседен кабар берет. Күтүүсүз же олдоксон жаңсоолорду кылуу адамдын эмоционалдык жактан туруксуз экенинен билдирет.

Үн

Үнү канчалык акырын жана бир калыпта чыкса, адамдын өзүнө болгон ишеними ошончолук жогору. Көп калп айткан, чыныгы сезимдерин жашыргысы келген кишилер көбүнчө катуу сүйлөп, каткыра күлүшөт.

Кызыгуу

Эгер сиз менен отурган учурда эркек башка нерсеге алаксып же колунан бир нерсени түшүрүп койсо, демек сиз аны кызыктырган жоксуз. Ал эми мындан ары дагы жолугууну көздөп сизди жактырып караса, ал чогуу отурганда галстугун бошотуп, саатын чечип же сизге эңкейип сүйлөйт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button