Окуялар

УКМК: Чет мамлекетте согуштук аракеттерге катышкан кыргыз жараны кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан тиешелүү иш-чаралардын алкагында Украинанын аймагында согуштук аракеттерге катышкан КР жараны К.у.А. аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдирди.

Такталгандай, К.у.А. Кыргыз Республикасынын жараны болуп, Украинанын аймагына көчүп келип, ал жердеги аскердик топтордун катарында аскердик операцияларга катышкан.

2023-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында К.у.А. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button