Окуялар

УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандан мыйзамсыз ташылып келинген мандарин жана жашылча үрөнүн токтотту

2023-жылдын 22-январында Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары чек арадан мыйзамсыз жүк алып өтүү боюнча эки фактыны токтотушкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Түндө Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Арык айылында чек ара кезмети Достук айылынын 1994-жылы туулган тургуну Б.М.нын башкаруусундагы «Опел Зафира» үлгүсүндөгү унааны токтоткон. Текшерүү учурунда чек ара кезмети унаалардан 25 куту мандарин табышкан.

Окуянын чоо-жайын тактоодо айдоочу андан ары сатуу үчүн Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө жүк алып өтүүгө аракет кылганы аныкталган.

Кийинчерээк, Интернационал айылындагы Мал-Базар тилкесинде чек ара тозоту өткөрмө бекетинен тышкары Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз кутуларды ташып бара жаткан Максат айылынын 1994-жылы туулган тургуну Т.Ж.ны кармашкан.

Кутуну тинткенде 300 таңгак жашылча үрөнү табылган.

Эки учурда тең тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар жана товарлар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button