КоомОкуялар

Токмоктун тургуну Инстаграмдагы билдирүүсүнөн кийин жазага тартылды

Чүй облусунун Токмок шаардык соту жаранга карата өкүм чыгарды. Чечимде айтылгандай, ал провокациялык билдирүүлөрү үчүн соттук ишке туш болгон. 

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 18-октябрында түштөн кийин ал Instagram баракчасынагы тарыхча бөлүмүнө «Мен кыргызмын, мен нацистмин, мен үчүн башка улут жок!» деген билдирүүнү жарыялаган. Мамлекеттик айыптоо муну менен ал улуттар аралык кастыкка чакырды деп эсептейт.

Сотто ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, бирок эч кимди таарынткысы келбегенин белгилеген. Айыпталуучу өз аракети үчүн кечирим сураган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү («пасалык, этностук, улуттук, диний региондор аралык кастыкты козутуу») менен күнөөлүү деп табылып, 100 миң сом айып салынган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button