Окуялар

Таласта жол кырсыгынан үч адам каза болду

Таласта жол кырсыгынан үч адам каза болду. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 21:00дөр чамасында Тараз — Талас — Суусамыр жолунда «Хонда-Степвагон» жана «ВАЗ2107» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен үч адам каза болуп, экөө жабыркаган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иши жүрүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button