Бишкек шаардык мэриясы тургундарды ишембиликке чакырат

Бишкек шаардык мэриясы калаа тургундарын 4-мартта боло турган ишембиликке чакырат.

Мэриянын маалымат кызматы шаарда 1-марттан 31-майга чейин көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыяланганын кабарлады.

“Ушул ишемби, 4-мартта, жазгы жалпы шаардык ишембилик өткөрүлүп, көчөлөрүбүздү, короо-жайларыбызды тазалап, көчөт отургузабыз. Ишембиликте имараттарга жана курулуштарга жанаша турган арыктарды, парктарды жана скверлерди тазалоого өзгөчө көңүл бурулат. Чарбалык субъектилердин, уюмдардын жана мекемелердин ишембиликтерин өткөрүү күнү, аймагы райондук администрациялар тарабынан аныкталат”, — деп жазылат билдирүүдө.