Окуялар

Ноокатта кароосуз калган үй өрттөнүп, 81 жаштагы кемпирдин киши колдуу болгон жансыз денеси табылды

2023-жылдын 26-апрель күнү саат 18:30 чамасында, Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын  Ак-Булак айылында кароосуз үй өрттөнүп, анын жер төлөсүндө өздүгү аныктала элек адамдын жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө Ноокат районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Ноокат РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабарлаган.

Аталган маалымат Ноокат РИИБнин Маалыматтапдын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Ноокат РИИБдин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу чыгып, окуя болгон жерге кароо жүргүзгөн.

Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө, өрт чыккан үйдүн жер төлөөсүнөн табылган өздүгү аныктала элек жаран Ноокат районунун Кыргыз-Ата а/а Ак-Булак айылынын тургуну 81 жаштагы Б. Б. (аял киши) киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.

Ошондой эле, окуя боюнча ар тараптуу жана объективдүү текшерүү иштерин жүргүзүү максатында маркум Б.Бнын эмнеден улам каза болгондугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза, соттук-биологиялык, соттук-криминалисттик экспертиза дайындалган.

Азыркы учурда, өрттүн келип чыгышын аныктоо үчүн өрт-техникалык экспертиза дайындалып, окуя болгон жердин айланасындагы күбөлөр суракка алынган.

Топтолгон материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын КЖКнин 122-бер. 2-бөл. 7-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын курамы бар болгондуктан, кылмыш иши козголгон. 

Ал эми, тергөө амалдарын Ноокат РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө. Бул оор кылмыштын бетин ачуу максатында атайын тапшырмалар берилип ыкчам текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button