Окуялар

УКМК: Уулуу затты мыйзамсыз саткандар кармалды – ВИДЕО

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренесинде каралган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси (Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде 2023-жылдын 27-апрелинде 1987-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Л.Ш.А. сымапты мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 5 кг коркунучтуу 1-класстагы уулуу зат табылып алынган.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан КР аймагында жайгашкан кылмышка шериктештерин аныктоого жана кармоого багытталган зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button