Бишкектеги “Батуми” кафесинин бузулушуна байланыштуу жаңжал күчөп жатат

Адвокат Кайсын Абакиров кафе ээлеринин бардык уруксат кагаздары болгонун, ал соттун чечими жок болгонуна карабастан бузулганын билдирди. Жактоочу Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапканын кошумчалады.   

Андыктан Орунтаевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, башка бирөөнүн өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлкүн атайылап жок кылуу боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча укук коргоо органдарына арыз жазылганы айтылды.   

Кафени бузууда 9 млн. сомго жакын зыян келтирилип, 50 адам жумушсуз калган.  

Адвокат Орунтаев президенттин уулунун атын жамынып жатканын айтса, вице-мэр “Батумини” анын ээсинин мурун милицияда иштеген баласы “коргоп” болуп жатканын айткан. 

@user2