УКМК: Бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды

КР УКМК тарабынан 2023-жылдын 24-майында жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Нарын облусунун 2001-жылы туулган Р.Ж.Р аттуу жараны кармалды.

Ал 2023-жылдын 24-майында саат 00:46да «Инстаграм» социалдык тармагындагы “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому” Коомдук бирикмесинин төрагасынын Ж.К.Р.нын (№21 угуусу начар жана кеч укпаган балдар үчүн адистештирилген мектеп-интернатынын тарбиялануучусу) жеке аккаунтуна бейбаштык максатында “bombaa195” аттуу фейк аккаунтунан №21- адистештирилген мектеп-интернатынын аймагына кечке маал жардыргыч зат коюу пландалып жаткандыгы тууралуу жалган билдирүү жөнөткөн.

Ыкчам аракет көрүү планына ылайык, студенттерди жана мекемелердин кызматкерлерин эвакуациялоо чаралары көрүлүп, бирок жогорудагы даректин имараттарын жана ага чектеш аймакты текшерүү учурунда жардыруучу заттар, ок атуучу куралдар жана башка кооптуу нерселер табылган эмес.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында процессуалдык чаралар көрүлүп, кармалган адам КР мыйзамдарына ылайык жазага тартылат.

Ошол эле учурда КР УКМК мындай аракеттер кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет, анткени, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык боло турган жарылуу, өрт коюу же башка аракеттер жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү – беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат, – деп билдирд УКМКнын Басма сөз кызматынан.