УКМК: Кыргызстандын жасалма кызматтык бланктарын жана документтерин мыйзамсыз даярдаган канал аныкталды – ФОТО

Кыргыз Республикасынын жасалма кызматтык бланктарын жана документтерин даярдоо жана сатуу каналына бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Казакстан Республикасынын жараны К.Т.В. аныкталды.

Бул мыйзамсыз аракетке бөгөт коюу максатында 2023-жылдын 24-майында, козголгон кылмыш ишинин алкагында КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам-иликтөө тобу тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, жогоруда аталган чет мамлекеттин жаранынын Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жашаган жана иштеген жериндеги издөөлөрдүн натыйжасында жеке нотариалдык конторанын жасалма мөөрлөрү, Кыргыз Республикасынын туулгандыгы жана ажырашуу тууралуу күбөлүктөрү, Кыргыз Республикасынын ИИМнин жана Саламаттык сактоо министрлигинин расмий бланктары, И.Ахунбаев атындагы КММАнын дипломунун тиркемеси, ЖОЖдун зачеттук китептери, чет өлкөлүк жарандардын өздүгүн тастыктаган документтери ж.б. табылып алынды.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, кармалган К.Т.В. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, – деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.