Окуялар

УКМК: Кыргызстандан Казакстанга 1 миллион сомдон ашык тамеки буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу каналы токтотулду — ФОТО

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан 2023-жылдын 26-майында КР УКМК чек ара кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасы менен чектешкен мамлекеттик чек арасы аркылуу салык төлөмдөрүн төлөбөй жашыруун өтүү менен аткезчилик буюмдарды мыйзамсыз жүгүртүүнү, ошондой эле аларды мыйзамсыз алып чыгуу каналын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Ак-Жол-унаа жол” өткөрмө пунктунда Кыргыз Республикасынын К.А.К. аттуу жараны “MERSEDES-BENS SPRINTER 416” үлгүсүндөгү автоунаасы менен 2078 блок тамеки буюмдарын акциздик маркасы жана эч кандай товардык документтери жок Казакстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

Аталган унаанын жүк салчу бөлүгүн текшерүү учурунда атайын жабдылган чөнтөкчө табылган, тинтүүдө 35 куту (ар биринде 50 блоктон) жана 328 блок тамеки буюмдары табылып, акциздик маркалар жалпы саны 2078 блокту түзгөн тамеки буюмдары табылган.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча жогоруда аталган тамеки буюмдарына акциз салыгын төлөөдөн качуудан мамлекеттик бюджеттин чыгымы 1 миллион сомдон ашык сумманы түздү.

Учурда жогоруда аталган тамеки буюмдарына тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн жана келип чыгышын, ошондой эле төлөнүүчү салыктардын суммасын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button