Саясат

ВИДЕО: Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жогорку даражалуу конокту «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алган.

Эскерте кетсек, Токаев 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышмакчы.

Буга чейин Европа кеңешинин президенти Шарль Мишелдин жана Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Кыргызстанга келгени маалымдалган болчу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button