Чолпон-Атада Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында “ЕБ – БА” саммити башталды

Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” экинчи саммити башталды.

“№2 мамлекеттик резиденциясынын” Конгресс-холлуна кирердин алдында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров делегация башчыларынын ар бирин – ЕБ президенти Шарль Мишелди, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин — Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевди жана Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесовду тосуп алды.

Кол алышуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегация башчылары Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусу өтө турган жыйындар залына киришти.

Саммитте эки региондун ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечек пландары талкууланат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана Борбордук Азия мамлекеттери менен Европа Биримдигинин өз ара аракеттешүүсү боюнча пикир алмашуу болот.

Иш-чараны 100гө жакын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана 70 чет элдик журналист чагылдырууда


Белгилей кетсек, “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” биринчи саммити 2022-жылдын октябрында Астанада (Казакстан) өткөн.