Дүйнө

Казакстанда токой өртүнөн 14 адам каза болду

Казакстанда токой өртүнөн 14 адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

Ага ылайык, Казакстандын Абай облусундагы токой өртү бейшемби күнү чагылгандан кийин башталган. Өрттөн «Семей Орманы» коругунун 14 жумушчусу каза болду.

Акыркы маалыматтар боюнча, өрттүн аянты 60 миң гектардан ашты. Өрттү өчүрүүгө 300 техника, 1500гө жакын адам жана 11 тик учак тартылган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 12-июнду өлкөнүн чыгышындагы ири өрт кырсыгында каза болгондор үчүн улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button