Апасын сабаган уул. Жардамга келген милицияга да кол көтөрүп, ал реанимацияга түштү

7-сентябрда түштөн кийин Урицкий көчөсүндө полиция кызматкерине кол салуу болгон. Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы 8-сентябрда билдиргендей, бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин (Бейбаштык) беренеси менен катталган.

Кылмышка шектелип 1978-жылы туулган С.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө тескөөчү аймакты кыдырып жүрүп, үйдөн аялдын кыйкырганын угуп, жардамга шашкан. Кийин уулу мас болуп, апасын сабап жатканы маалым болгон. Шектүү милиционердин талаптарына жооп бербей, каршылык көрсөтүп, аймактык тескөөчүнү бир нече жолу уруп жиберген. Жыйынтыгында милиционер дарыгерлерге кайрылып, реанимацияда жатып калган.

“Милиция жарандарды нөөмөттө турган милиция кызматкерлеринин эмгегин сыйлоого чакырат. Болбосо, ыйгарым укуктуу орган мыйзам чегинде мыйзамсыз аракеттерге юридикалык баа берет”, – деп айтылат маалыматта.