Ач карын жашылча чөптөрдү, банан, йогурт, апельсин ширесин колдонууга болбойт

Таң эрте ач карын кайсы азыктарды жегенге болбойт? Алар: Чийки жашылчалар, йогурт, банан жана апельсин ширеси. Бул тууралуу билчү белеңиз?

Бир күн бою энергиялуу жүрүү үчүн ар бир адам таң эрте туура тамактануусу зарыл. Таңкы тамактануунун курамында майлар, белоктор, углеводдор, ошондой эле клетчаткалар сөзсүз болууга тийиш. Ошондо гана таңкы тамак ден-соолукка пайдалуу деп эсептелинет. Бирок пайдалуу деген айрым азыктарды ач карын жегенге болбойт. Анткени алар адамды шал оорусуна алып келиши мүмкүн.

Чийки жашылчалар — куурулган же кайнатылган жашылчаларга караганда пайдалуу бирок аны ач карын колдонуу сунушталбайт. Жашылчалардын курамында витаминдер, минералдар, жана клетчаткалар көп. Алар аш казандын сиңирүүсүн кыйындатат.

Йогурт — албетте бул чыныгы эртең мененки тамак. Бирок анын эмнеси жаман болушу мүмкүн? Себеби йогурттун курамында көптөгөн пайдалуу сүт кислотасы, бактериялар бар. Булардын аш казанга сиңүү процеси начар жүрөт. Эгер йогрут иче турган болсоңуз анда алдын ала бир-эки аш кашык жаңгак же бир кашык сулу унун жесеңиз болот.

Банан — бул жемиште В6 витамини бар. Банан жүрөктүн иштешин жакшыртып, организмдеги ашыкча тузду кетирет. Организмге керектүү азыктарды берет бирок аны ач карын колдонуу сунушталбайт. Банан глюкозасы бар башка азыктардай кандагы канттын деңгээлин  жогорулатат.

Апельсин ширеси — витаминге бай шире, ал тургай мөмөнүн өзу дагы пайдалуу заттардын булагы болуп эсептелинет. Бирок ач карынга ичүү сунушталбайт. Анткени цитрус жемиштериндеги кислота зарнага алып келиши мүмкүн.