Тажикистанда Казакстан, Кыргызстан, Өзбекистан, Түркменистан артистеринин коштоосунда “Достук кечеси” өтөт

Бүгүн, 14-сентябрда Тажикистандын борбору Дүйшөмбү шаарында Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын артисттеринин катышуусунда “Достук кечеси” биргелешкен маданий программасы өтөт.

Иш-чара Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын бешинчи консультативдик жолугушуусунун жана Аралды сактоо эл аралык фондунун мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өтөт.

Белгилей кетсек, аталган иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров дагы катышат.