Жубайынын кулак-мурдун кескилеген шектүү 2 айга СИЗОго киргизилди

Селекцияда мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескилөөгө шектүү соттун чечими менен камакта калтырылды.

Маалыматка караганда, ал 20-ноябрга чейин камакта болот.

«Чүйдүн Селекция айылында күйөөсү аялынын бети-башын кескилеп, таң атканча кыйнаган» деген маалымат соцтармакта тарап, сүрөттөр жарыяланган.

Бүгүн, 21-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат берип, абалы орточо оордукта экенин, ага 8 саат операция жасалганын билдиришти. Ишти ИИМ башчысы өз көзөмөлүнө алды.