Окуялар

УКМК: Жалпы салмагы 20 кг гашиш жана 10 кг апийим чийкиси бар жүк кармалды — ФОТО

КР УКМК тарабынан узак мөөнөттүү атайын операцияны ишке ашыруунун жүрүшүндө “ТР-КР-УР” каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын – гашиш жана апийим чийкисин ташуу менен алектенген эл аралык баңги топтун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.

Бул тууралуу Атайын кызматтын Басма сөз борборунан билдирди.

2023-жылдын 11-октябрында Баткен-Ош унаа жолунун Ош облусунун Ноокат районунун аймагындагы ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Россия Федерациясынын жараны Б.С.С. жана Кыргыз Республикасынын жараны Р.Х.Э. кармалып, алардан баңгизат — жалпы салмагы 20 кг гашиш жана 10 кг апийим чийкиси табылып алынды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип камакка алынды.

Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button