Коом
АИ-95 бензини эмне себептен тартыш болууда?

«Бул Россиянын өзүндө болуп жаткан дефицитке байланыштуу. Биздин компаниялар каалаган көлөмдө сатып ала албай жатышат. Ири компаниялар биринчи кезекте өз түйүндөрүн камсыздоого аракет кылат, мындан улам чакан жана орто ишканаларда АИ-95 бензини жок болуп жатат. Абал Россия мунай продукциясын көбүрөөк сунуштаганда оңолот”, — деди Нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов.
Ал көйгөйдүн Казакстан аркылуу өткөн транзитке тиешеси жоктугун кошумчалады.
“Бир аз кечигүүлөр бар, бирок бул негизги себеп эмес”, — деди Эшатов.
Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майлардын 90%дан ашыгы Россиядан алып келинет.
@abal-kg



