Спорт
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Омандын командасын жеңди. Оюнга президент күбө болду

Президент Садыр Жапаров бүгүн Д. Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондл Кыргыз Республикасы менен Омандын улуттук курамаларынын ортосундагы футболдук беттешти көргөнү барды.
Беттеш Дүйнө чемпионаты — 2026 тандоо турунун алкагында өттү.
Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Оман командасын 1:0 эсебинде жеңип алды.



