Маданият

Министрлик: филармонияда израиль ырчыларынын концерти өтөт деген маалымат жалган

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында израиль ырчыларынын концерти өтөт деп социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, концертти уюштуруучулар менен Улуттук филармониянын ортосунда эч кандай келишим түзүлгөн эмес жана түзүү планы да болгон эмес.

Учурдан пайдаланып Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги коомчулуктан такталбаган маалыматты бөлүшпөөгө чакырат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button