Без рубрики

Алмазбек Акматов Польша Республикасынын Жогорку контролдоо палатасынын президенти Мариан Банас менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү

2024-жылдын 5-9-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов Польша Республикасынын Жогорку контролдоо палатасынын түзүлгөндүгүнүн 105 жылдыгына арналган иш-чарага катышуу үчүн, Польша Республикасына иш сапары менен барды. Бул туурасында Эсептөө палатасынан билдирди

Эсептөө палатасынын төрагасы менен Польша Республикасынын Жогорку контролдоо палатасынын Краков шаарындагы аймактык өкүлчүлүгүнүн директору Жоланта Ставсканын жумушчу жолугушуусу болуп, анда польшалык кесиптештер Краков шаарындагы аймактык өкүлчүлүк тарабынан мамлекеттик аудит жүргүзүү тажрыйбасы менен тааныштырды.

Ал эми 7-февралда, Алмазбек Акматов Варшавада өткөн “Заманбап, коопсуз жана санарип мамлекеттердин ишин жакшыртуудагы көз карандысыз жогорку аудит органдарынын ролу” деген темада эл аралык конференцияга катышып, аудит жаатында пикир алмашышты.

Ошондой эле, 8-февралда, Эсептөө палатасынын төрагасы менен Польша Республикасынын Жогорку контролдоо палатасынын президенти Мариан Банастын эки тараптуу жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн маселелери талкууланды. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Польша Республикасынын Жогорку контролдоо палатасы жана INTOSAI өнүктүрүү демилгесинин ортосундагы үч тараптуу кызматташуун алкагында өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө польшалык тарап төмөнкү темалар боюнча материалдарды сунуштады:

1. Польша АЖОсунун иштеши, компетенциялары жана уюштуруу түзүмү;

2. Текшерүүнүн түрлөрү жана текшерилүүчү жактар;

3. Тобокелдикке негизделген каржылык жана шайкештик аудитин жүргүзүү;

4. Тышкы кызыкдар тараптар менен кызматташуу;

5. Твиннинг ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана мындан аркы эки тараптуу кызматташуу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button