Пайдалуу кеңештер

Орозо учурунда эмне кылууга болбойт?

Бул айда орозо кармагандар да, кармабагандар үчүн да атайын эске алчу жагдайлар бар.

Билип алыңыз:

Билип туруп тамак ичип алганга болбойт. Орозонун алгачкы күндөрү ооз бекиткендер бир аз кыйналышы ыктымал. Убакыт өтүп организм акырындык менен көнүп кетет. Андыктан орозо кармаган адам курсагы ачып же суусап кетсе тамак ичип албашы керек. Оозу бек аялдар тамак жасап жатканда тузун көрсө болот, бирок аны жутпаш керек. Унутуп же кокустан тамак жеп, суу ичип алып анан орозо экенин эстесе дароо жеп жатканын токтотуп, орозосун уланта бериши шарт.

Дары-дармек ичпейт. Орозо туткан адам дары-дармек ичпейт, себеби дары баары бир ашказанга түшөт. Ал эми ооруп калганда адам антибиотик дарыларын укол аркылуу алса, орозосу бузулбайт. Дагы бир учур — азыктандыруучу витаминдерди сайдырганга болбойт. Себеби андай витаминдер тамак катары эсептелет.

Чылым, кальян, насвай чеккенге болбойт. Чылым, кальян, насвай чегүү орозону бузат жана аны колдонгондордун оозу ачылат. Орозо айы мындай жаман адаттардан арылууга жакшы мүмкүнчүлүк.

Ооз толтура кусканга болбойт. Мындай учурда ал адамдын оозу ачылды деп эсептелет. Ал эми денеден же ооздон кан, ириң чыкса ооз ачылбайт.

Жаман сөз айтуудан оолак болуңуз. Орозо бир гана ашказандыкы эмес, тилдин, көздүн, кулактын да орозосу. Андыктан орозо кармаган да, кармабаган адам дагы ушак сөздөн, башка бирөөлөр менен урушуп жаңжалдашуудан оолак болууга аракет кылуусу зарыл. Сөгүнүп, адам көңүлүн калтырган жаман сөз да орозону бузушу мүмкүн. Андан сырткары, көздүн орозосу ыплас нерселерди кароону тыят. Бул айда адам жакшы иштерди, адаттарды көп кылууга далалат кылганы жакшы.

Сууну абайлап колдонуңуз. Жуунса болот, бирок суу ооз, кулак жана мурун аркылуу адамдын ички органдарына кирбеши керек. Даарат алып же жуунуп жатканда суудан этият болуу зарыл.

Тиш паста пайдаланганга болбойт. Ооз бек учурда тиш паста эмес, мисвак (атайын дарактан тиш тазалоо үчүн алынган бутак — ред.) менен тазалаш керек. Бирок пастасы жок тиш щётка менен тазалоого уруксат. Тиш пастаны оозду жабарда же ачкандан кийин колдонгон жакшы.

Ооз бек учурунда жыныстык катнашка барууга болбойт. Ооз ачкандан ооз бекиткенге чейинки убакыт аралыгында жыныстык катнашка уруксат берилет. Андан соң ооз бекиткенге чейин чайканып, жуунуп алуу зарыл. Жалпы эле бул айда дааратсыз, гусулу жок жүргөндөн оолак болгон оң.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button