ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Быйыл Чүйдө 46 гектар кайрак жер өздөштүрүлүп, жүзүм тигилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев күн мурун Чүй облусунун аймагын кыдырды.

Ведомстводон билдиришкендей, министр иш сапарынын алкагында бош жаткан кайрак жерлерди тамчылатып сугаруу ыкмасы менен иштетүү, жүзүм, мөмө жемиш бактарын тигүү боюнча алдыда аткарыла турган иштер менен таанышты.

Коюлган талап, пландарга ылайык быйылкы жылы Кемин районунун Чым-Коргон айылынды 38 гектар, Чүй районунун Искра айылында 8 гектар кайрак жер өздөштүрүлүп, жүзүм тигилмей болду.

“Учурда республика боюнча иштетилбей бош жаткан жерлерди өздөштүрүп, кайсы аймакта кандай пайдалуу, киреше көп берген айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрөбүз деген атайын программанын негизинде иш алып баруудабыз. Кимдер кооператив түзсө, мамлекеттин балансындагы өздөштүрүлбөй бош жаткан кунарсыз, кайрак жерлерди берип, аны иштетүүгө каржы булактарын караштырып, арзан насыя жана тамчылатып суугаруу системасын орнотуп берүү, ал түгүл МТСтерди берүү жагын пландаштырып жатабыз. Натыйжада, өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын көлөмү артат, сапаты жогорулайт, дыйкандар дагы кирешеге чыгышат”, — деди Төрөбаев.

Бул аракеттер өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу менен экспорттук потенциалын жогорулатары айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button