Спорт

Ысык-Көл ОИИБдин самбо боюнча чемпионаты: «Спорт, күч жана коопсуздук — бир күрөштө»

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгында самбо жана күжүрмөн самбо боюнча чемпионат аяктап, анын катышуучуларына да, көрүүчүлөрүнө да спорттук маанайды, кубанычтуу көз ирмемдерди тартуулады. Облустук милициянын «Динамо» спорт коому тарабынан уюштурулган иш-чарага облустун ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн таланттуу спортчулары чогулду.

Мелдештин жүрүшүндө балбандар жогорку чеберчиликти гана көрсөтпөстөн, спорттук достуктун жана атаандаштарына болгон сый-урматтын үлгүлүү маанайын көрсөтүштү. Алардын күжүрмөн кызматына жана өз кесибине берилгендигинин аркасында чемпионат самбонун күчүн жана жагымдуулугун спорттун түрү катары ачык ырастады.

Залдын аренасына чогулгандар Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн 54 жаштагы нөөмөтчү тескөөчүсү Токсон Керимбаевдин өзгөчө чеберчилигине, өжөрлүгүнө суктанышты. Жаш курагына карабай тажрыйба менен жеӊишке болгон умтулууга чек жок экенин, милиция кызматкери өзүнүн чечкиндүүлүгү жана кесипкөйлүгү менен далилдей алды.

Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча жалпы командалык 1-орунду Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү, 2-орунду Тоң районунун ички иштер бөлүмү жана 3-орунду Ысык-Көл облустук ички иштер бешкармалыгынын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасы ээлешти.

Мелдештин жыйынтыктоочу күнүндө сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп, анда биринчиликтин жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын грамоталары жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.

Облустук милициянын жетекчилиги мелдештин ийгиликтүү өтүшүнө чоң салымын кошкон бардык катышуучуларга, машыктыруучуларга жана уюштуруучуларга терең ыраазычылыктарын билдирип, мындай иш-чаралар мындан ары да спортту өнүктүрүүгө жана рухий жактан өсүүгө салым кошоорун белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button