Коом

Бишкектеги бороон-чапкын. Мэр өзгөчө кырдаал режимин жарыялады

Бишкекте болуп өткөн бороон-чапкындан улам калаа башчысы Айбек Жунушалиев өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Токтомго ылайык шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрден ашкан учурда өзгөчө кырдаал режими киргизилет.

Мэрдин төрагалыгы алдында ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен катуу шамалдан жабыркаган №62 мектептин аймагында өзгөчө кырдаал боюнча штабдын көчмө жыйыны өттү.

Кооптуу аймактарды – асылып турган чатырлар, кондицинерлер, чоң бутактар ж.б. изилдөө жана анын кесепеттерин аныктоо максатында райондук администрациялардан, муниципалдык инспекциядан жана коммуналдык кызматтардан турган мобилдик топтор уюштурулду.

Бардык шаардык кызматтар күчөтүлгөн режимге өттү.

Бишкек шаарынын мэри бардык жеткиликтүү коммуналдык кызматтарды жана атайын техниканы колдонууну тапшырды. Шаарды эртең таңга чейин иретке келтирүү зарыл.

Бишкек шаарынын мэриясынын Көзөмөл башкармалыгына социалдык объектилерде, чатырын шамал учуруп кеткен мектептерде, бала бакчаларда подряддык иштерди сапатсыз аткаруу фактыларын аныктоо боюнча комиссия түзүү тапшырылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button